Баткен казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылга аткарууга тийиш болгон тапшырмалар берилди

Баткен облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында райондун  жана шаардын баш имам хатибдерине жыйыны өтүп, алар  1 жыл алкагында аткарылган иштери, мечиттердин каттоодон өтүшү, түшүндүрүү иштери, битир-садаканын максаттуу жумшалышы, диний кырдаал боюнча маалымат беришти.

Отчеттук жыйынга Баткен облуснун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов, казынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров,  ДИМКтин Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов жана  казыяттын өздүк курамы катышты.

Шаар, райондордун баш имам хатибдеринин маалымат отчетуна ылайык, 2019-жылы дин жаатында  жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциянын алкагында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып барылып, Ханафий мазхабынын негизинде бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле битир-садаканын эсебинен бир канча кайрымдуулук жардамы көрсөтүлгөн.

Жыйындын алкагында облус казысы  ар бир иште жоопкерчиликтүү болуу керектигин айтып, райондун, шаардын баш имам хатибдеринин аткарган жакшы иштерине ыраазычылык билдирип, жетишпеген кемчиликтерди жоюга жана 2020-жылдын башталышынан тартып өзгөчө көңүл буруу менен  басым жасоого чакырды,

Муну менен катар район, шаардын хатибдери  2020- жыл аралыгында аткарылуучу бир катар тапшырмаларды берди

Алар:

Мечит-медреселерди каттоодон өткөрүү;

Аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жандандыруу;
ЖМК менен кызматташууну күчөтүү;
Имамдардын билимин жогорулатуу,
Ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасын бекемдөө;
Кайрымдуулук иштерин күчөтүү;
Улут аралык мамилелерди чыңдоо;
Жаштардын руханий жактан өсүү үчүн аларга баяндама жана лекцияларды өткөрүү.

Ал эми жыйында ДИМКтин Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов сүйлөп,  мечит-медресе жана башка иштерде мыйзам талаптарын  сакталуусун зарылчылыгын белгиледи