Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев мектеп окуучуларын адептүүлүккө чакырды

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №47 орто мектепте “Адеп-ахлак” деген темада тарбиялык саат өтүп, окуучуларды жүрүм-турумун оңдоого, ата-энеге, мугалимге жана аксакал адамдарга жакшы мамиле жасоого чакырды.

“Эгер биз азыр аксакалдарга сый-урмат көрсөтпөй турган болсок, анда келечек жаштар силерге урмат-сый көрсөтөөрүнөн үмүтүңөрдү үзгүлө. Анткени куш уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат”-деп баса белгиледи Убайдулла ажы Сарыбаев.

Ушундай эле тарбиялык саат Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Ашраф Али” мечитинин имамы Раимжанов Дониёрбек тарабынан уюштурулду.