Ош шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов “Мазхаб” туурасында өз баяндамасын жасады

Ош шаарынын Захриддин Мухаммад Бобур  атындагы Өзбек драм таетрында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов “Мазхаб” туурасында өз баяндамасын жасады. Курандын аяттарын окуу менен башталган сабака Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдула ажы Сарыбаев дагы катышты.

“Бүгүнкү сабактан канчалык көп пайда алууну каалагандар колдон келгенче жазып алуусу керек. Анткени адам унутуусу мүмкүн бирок калем унутпайт деген сөз бекеринен айтылган эмес”- деп баса белгилеп өттү Убайдулла ажы Сарыбаев

Чубак ажы Жалилов мазхабты кармануу зарылдыгын айтып, аны карманбастан жүрсө, адашып кетүүсү мүмкүндүгүн айтып өттү.

“Мазхаб имамдарынын илимдүү жана такыба  болгондугуна шек жок. Имам Азам Абу Ханифа (р.а.х.) Пайгамбарыбыздын кандай ибадат кылгандыгын көргөн адамды көргөн. Мындайча айтканда 4 сахабаны көргөндугү анык. Ал эми кээ бир маалымат булактарында 8 сахабаны көргөн деп айтылат. Алар илимдин суусун асыл булактардан ичишкен. Эгер элдер өз алдынча ибадат кылса, илимдин алсыздыгынан адашып кетүүсү мүмкүн”, -деди Чубак ажы Жалилов.