Ош шаарында ажылыкка бара турган зыяратчыларды каттоо иштери кызуу жүрүүдө

Кечээ, 16-декабрдан тарта 2020-жылына карата ажылык сапарына бара турган зыяратчыларды алгачкы тобун каттоо иштери кызуу жүрүүдө. Ажылыкка бара турган талапкерлер алгач 500$ акчасын «РСК» банкына төгүшүүдө.

Банктын алдындагы келишпөөчүлүк, тартышып-талашуу жана катар номери аркылуу кирүүсүн көзөмөлдөө иштеринде Ош шаардык казыятынын кызматкерлери «РСК» банкынын эмгек жамааты үчүн тынчтыкты сактап турууда көмөк көрсөтүштү.

“Жылдан-жылга ажылык сапарына бара турган талапкердин катары күндөн-күнгө көбөйүүдө”, -деди Ош шаардык мусулмандар казыятынын Ажылык-Умра боюнча башкы адиси Жанарбек ажы Матиев.