Умра ибадатын аткаруучу зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетти

Бүгүн, 27-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган Умра ибадатына аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу “Манас” Эл аралык аэропортунан 26-декабрдан 27-декабрга караган түнү Бишкек-Дубай-Медина багыты боюнча саат 3.00дө Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетишти.

Зыяратчыларды узатуу аземине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев, КМДБнын Ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана зыяратчылардын жакын туугандары катышты.

Кичи ажылык амалдарын аткаруу үчүн жөнөп кеткен зыяратчылардын курамында 28 жаран бар. Алар Жалал-Абад жана Ош облусунун тургундары. Алар Умра башчысы, Жалал-Абад облусунун казысынын орун басары Бакытбек ажы Түнгатаров менен бирге 15 күн Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Мекке жана Медина шаарларында кичи ажылык амалдарын аткарышмакчы.

Кошумчалай кетсек, КМДБ умра ибадатына ушул жылдын ноябрь айынын аяк ченинде жарандарды каттай баштаган. Умрага баруучу жарандар облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышса болот.

Толук маалымат үчүн байланыш телефон номерлери: (0312) 486167, 0558/778/708-48-61-67.