Диний окуу жайлардын ишин жакшыртууда “Дин жана коом” аталышда жыйын өткөрүлдү

Чүй облусунун имамдары менен Бишкек шаарындагы медреселердин өкүлдөрү диний окуу жайлардын акыбалы, анда тарбияланган студенттердин келечегине шарт түзүү боюнча “Дин жана коом” аталышда жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов катышып, акыркы учурда медреселердеги билим берүүнүн шарты жакшырып бара жатканын баса белгилеп, 2015-жылдан бери АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Кыргызстандын жети облусунун аймагынан 28 медресе тандалып алынган.

Аларга тогуз кесип боюнча кыска мөөнөтө бүтүп чыга турган адистиктер үйрөтүлүүдө. Беш жылга созулган социалдык долбоордун алкагында 1756 өспүрүм балдар менен кыздар акысыз кесип үйрөнүп, колдоруна сертификат алып чыгышкан. Жалпысынан долбоорго АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 10 млн сомдон ашык гранттык каражат сарптаган.

Бул сан оңой эмес көрсөткүч. Себеби азыр ошончо бала колуна кесипке ээ болгону тууралуу сертификатын алып өзү тандаган багыт боюнча иштеп кеткенге мүмкүнчүлүк ачылып отурат. Алардын ар бири 10 миң сомдун айланасында эле маяна алып иштеп, үй-бүлөсүн бакканга салым кошсо чоң колдоо болуп жатпайбы. Мисалы тигүүчү, ашпозчу болуп иштеген балдар, кыздардын алды азыр 25-30 миң сомго чейин айлык алып жатышат. Бул деген коомдун өнүгүшүнө, жумушсуздук менен күрөшүүгө, жаштарды иш менен камсыз кылууга олуттуу салымын кошкон мыкты долбоор болуп жатат” – деп белгиледи Акимжан ажы Эргешов.