Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев үзүрлүү эмгектенген имамдарга сыйлыктарды тапшырды

Кечээ, 24-декабрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев башында турган казыят кызматкерлери жыл жыйынтыгы үчүн шаардагы жалпы имамдарга чогулуш өткөрүп, 2019-жылы үзүрлүү эмгектенген дин кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлык алгандардын ичинен “Аль-Фаарук” мечитинин имам хатиби Сапиев Нурланбек мечитте балдарга Куран жарышын уюштуруп, аялдар үчүн атайын “Козу кызы Бурмакан” аялдардын диний окуу борборунун мугалимдерин алып барып, семинарларды уюштуруп, жамаат менен активдүү иштеп жаткандыгы үчүн “Үлгүлүү имам” номинациясы менен сыйланды.

“Абу Бакир Сыддык” мечитинин имамы Тагаев Махамад мечит чакан болгонуна карабастан 150 баланы, ал эми “Файсал” мечитинде 70 баланы окутуп, жамаат менен активдүү иштеп жаткандыгы бааланып “Үлгүлүү имам” номинациясы менен сыйланды.

“Имам Мухаммадий” мечитинин имамы Садыков Бактияр мечити кичине болсо да, чоң мечиттерден да таза жана бардык шарттарды түзгөндүгү, жамаат менен активдүү иштеп жаткандыгы үчүн “Мыкты имам” деп табылды.

Мечиттин ичин, шартын жакшыртууда “Калкожо Эшан” жана “Молдо Шакир” мечити деп аталды.

Ал эми “Үлгүлүү мутавали” жана “Үлгүлүү сопу”  номинациялары да экиден берилди. Андан сырткары иш-чараларга катышууда активдүүлүгүн көргөзгөн имамдарга ыраазычылык барачалары тапшырылды.

“Бардык имамдарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Анткени алардын баары элди туура жолго баштаган, туура эмес жолдон кайтарган такыба адамдар болуп, баарынын сыйлыгын акыретте Аллахымдан үмүт кылабыз”,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.