Ош облусу боюнча Умра ибадатына 40 зыяратчы барат

Бүгүн, 27-декабрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын Умра ибадаты боюнча жооптуу адиси Акжол ажы Бакиров кичи ажылык сапарына бара турган жарандарды каттоодон өткөрө баштады.

«Умра ибадаты Кыргыстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан ноябрь айынын аяк ченинде ачылган эле. Ош жергесинен кыркка жакын Умра сапарына аттануучулар жөнөшмөкчү. Аларды каттоо иштери жүрүүдө. Ош облусу боюнча каттала турган жарандарды Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев өзү жетекчилик кылмакчы», — деди Акжол ажы Бакиров.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган Умра ибадатына аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу “Манас” Эл аралык аэропортунан 26-декабрдан 27-декабрга караган түнү Бишкек-Дубай-Медина багыты боюнча саат 3.00дө Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетишкен.