Ноокат районунун имамдарына Умра ибадаты боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 27-декабрда Ош облусунун Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев жума окулуучу мечит имамдарына жыйын өткөрүп, ажылык жана умра ибадаты боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

«Ажылык ибадаты алгач кимдерге, эмне үчүн парз экенин жакшы билип алуубуз кажет. Айрым жарандарыбыз каражат жагынан кыйналып турса да ажыга барууну көздөйт. Бул туура эмес көрүнүш. Ажылык ибадаты колунда бар болгон бир туугандарыбызга парз. Шарияттын негизинде колунда бар болуп ажыга барбагандар күнөөкөр болуп эсептелет. Анткени алара диндин беш түркүгүнөн бирөөсүн аткарбай жатат. Ажылык ибаты мал-мүлкү жана жан дүйнө менен аткарылуучу ибадат болуп саналат»,- деди Музаффар ажы Турдубаев.

Кошумчалай кетсек, КМДБ умра ибадатына ушул жылдын ноябрь айынын аяк ченинде жарандарды каттай баштаган. Умрага баруучу жарандар облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышса болот.