Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мураталы ажы Мансуров аз камсыз болгон 15 үй-бүлөгө 30 миң сомдук азык-түлүк таратты

Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад облустук казыятына караштуу Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мураталы ажы Мансуров аз камсыз болгон 15 үй-бүлөгө 30 миң сомдук азык-түлүк таратылды.

Буга кеткен каражатты атын атагысы келбеген кайрымдуу инсан өз чөнтөгүнөн баш имам хатибге өткөрүп берген. Имам жардамга муктаж адамдарды тизмектеп чыгып, аз камсыз болгон 15 үй-бүлөнүн ар бирине 2000 сомдук азык-түлүктү тапшырды.

“Аллага шүгүрлөр болсун! Мына ушундай элим-жерим деген, муктаждарга кам көргөн чыгаан азаматтарыбыз көбөйө берсин. Тарыхтан  билебиз ата-бабаларыбызды, бир баатыр бир айыл элди багып  келгендерин. Алла жолунда кайрымдуулук кылган бир тууганыбызга Жараткан иштерине ийгилик берсин”,-деди Мураталы ажы.