ФОТО-Умра сапарына жөнөп кеткен зыяратчылар Медина шаарына аман-эсен жетишип, алгачкы ибадаттарын башташты

Бүгүн, 27-декабрда “Манас” Эл аралык аэропортунан Бишкек-Дубай-Медина багыты боюнча умра сапарына учуп кеткен ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына жетип, алгачкы ибататтарын башташты.

Умра сапарына келген зыяратчыларга бардык шарттар каралып, аларга заманбап автобустар кызмат көрсөтүшүүдө.

«Умра сапарына келген зыяратчыларыбыз Медина шаарындагы «Андалус» мейманканасына жайгашышты. Бүгүн улуу жума күнү болгондуктан зыяратчыларыбыз жума намаздарын ыйык «ан-Набави» мечитинде окушуп, сүйүктүү пайгамбарыбыз САВдын кабырын зыярат кылышты»,-деди жеринде Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев.

Муну менен катар умра зыяратына келген жарандарга Азирети Муфтийдин орун басары жана умра башчысы Бакытбек ажы Түнкатаров атайын умра сапарын шарият көрсөткөн тартипте аткаруу үчүн атайын сабактарды уюштурушмакчы.

Кошумчалай кетсек, КМДБ умра ибадатына ушул жылдын ноябрь айынын аяк ченинде жарандарды каттай баштаган. Умрага баруучу жарандар облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышса болот.

Толук маалымат үчүн байланыш телефон номерлери: (0312) 486167, 0558/778/708-48-61-67.