Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын имам хатиби Марлис Төлөгөнов окуучуларды адептүүлүккө чакырды

Бүгүн, 27-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы, Кызыл-Адыр айылынын имам хатиби Марлис Төлөгөнов аталган айылдагы Мээрбек Орозбеков атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту. Жолугушууга аксакалдар сотунун төрагасы жана ата-энелер катышышты.

Бул жыйында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана эрте никеге туруу боюнча маселелерге токтолуп, жергиликтүү тургундарды балага туура таалим-тарбия берүүгө чакырды.

«КРнын мыйзамына ылайык жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салынгандыктан, бардык ата-энелер жана имамдар мыйзамды так сактоо керек. Ал эми үй-бүлөдөгү зордук зомбулукту жоюу ар бирибиздин колубуздан келет жана ал үчүн ата-энелер өздөрү үлгүлүү болуп, балдарга туура талим-тарбия беришибиз керек»,- деди айыл имамы.