Талас облустук мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков Шекер айылынын тургундары менен жолугушту

Талас облустук мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жана Кара-Буура районунун баш имам хатиби  Майрамбек ажы Казакбаев Шекер айылынын тургундары менен жолугушту.

Жергиликтүү айыл эли менен болгон жолугушууда Касым ажы Сыдыков элди ынтымакка жана биримдикке чакырды. Мындан тышкары мечиттердин иштерин жандандырууда айыл имамы эл менен тыгыз байланышта болуу керектигин баса белгиледи.

«Адам көркү адеп. Адептин тайкылыгы ыймандын алсыздыгын айгинелейт. Үйдө болобу, коомдук жайда болобу, адептүүлүгүбүз менен элге үлгү бололу»,-деди Майрамбек ажы.