Азирети Муфтий жана Азирети Муфтийдин орун басары КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ыраазычылык баракчасы жана ардак грамотасы менен сыйланышты

Бүгүн, 27-декабрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жыйынтыктоочу кеңешмеси болуп өттү. КР ДИМКнын 2019-жылдагы иш-аракеттеринин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата ведомствонун планын талкуулоо маанилүү темалары болду.

Жыйында КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов 2019-жылы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жемиштүү болгондугун баса белгиледи. Ошондой эле жыйында 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруу, КР ДИМК менен башка өлкөлөр ортусунда кол коюлган меморандумдун алкагында диний чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү, радикализмди жана экстремизмдин алдын алуу маселелери, диний билим берүү тармагындагы жаңы долбоорлор талкууланды.

Жыйындын соңунда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон салымы жана жемиштүү кызматташуусу үчүн КР ДИМКнын ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти А.Нусупбеков, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, КР ДИМКнын кызматкерлери жана облустагы өкүлдөрү сыйланышты.