«Талас турмушу» гезити Талас облустук казыятынын иш башкарма башчысы Медер ажы Сагынбаевге «Жылдын мыкты инсаны» наамын ыйгарды

Талас облустук «Талас турмушу» гезити 2019- жылдын жыйынтыгын чыгарып, жыл мыктыларын сыйлоо аземин өткөрдү.
Жыл мыктыларын аныктоо аземинде Талас облусунун казыятнын иш башкарма бөлүмүнүн башчысы Медер ажы Сагынбаевге коомдук иштерге активдүү катышып, имамдардын билим деңгээлин жогорулатып, Талас облусундагы диний кырдаалдын туруктуулугуна жана Ханафий мазхабын жайылтууга кошкон зор салымы үчүн «Жылдын мыкты инсаны» наамы ыйгарылды.
Сыйлыкты «Талас турмушу» редакциясынын башкы редактору Козубек Иманкулов тапшырып,  Медер ажы Сагынбаевдин иштерине албан ийгиликтерди каалады.