Озерное айылынын мектеп окуучуларына адептүүлүк жана ден соолукка зыян берүүчү нерселерден оолак болуу туурасында баяндама жасалды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Салкын жаңы конушунун имамы Абобакир Темирбаев жана Озерное айылынын имамы Искендер Дюйсенов Озерное айылындагы «Озерное» орто мектебинин 8-11 классынын окуучулары менен жолугушуп, аларга жөнөкөйлүк, адептүү болуу жана ден-соолукка зыян алып келген ар түрдүү тамак-аш азыктарынан оолак болуу туурасында баяндамаларын жасашты.

Бул жыйынга жергиликтүү депутаттар, укук коргоо органдары, аксакалдар кеңешинин төрагасы жана мектеп мугалимдер катышышкан.

Аламүдүн районунун хатибиятынын берген маалыматына ылайык, мындай иш-чаралар Аламүдүн районунун акимияты жана райондук хатибияттын макулдашуусу менен, райондогу бардык мектептерде өтүп келет.

«Жаштар – биздин келечек. Ислам дининин үгүт-насаат иштери жарандардын бардык тармактарына бирдей болуш керек. Кайсы жыныстан болбосун, жашбы, картаңбы, кайсы кызматты ээлебесин, эч кимди айырмалабастан үгүт-насаат, туура жол көөрсөтүү, жакшы сунуш берүүгө биз милдеттүүбүз. Ошондуктан, райондук акимият менен макулдашып, райондогу мектептердин бардыгын кыдырып, үгүт-насаат иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов.