Аламүдүн районунда аялдар үчүн «Матуридий» акыйдасын түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ленин көчөсү 142 дарегинде жайгашкан «Аялдарды өнүктүрүү борборунда» кыз-келиндер үчүн «Матуридий» акыйдасын түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралу Аламүдүн районунун хатибияты билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чараны Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов уюштуруп, кыз-келиндерге салттуу Ислам дини, Ханафий мазхабы тууралуу маалымат берилип, «Матуридий» акыйдасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Аталган борбор КМДБ жана Кыргызстан Ислам Институтунун көзөмөлү менен ишмердүүлүгүн жүргүзөп келет. Жалпысанан 20га чукул кыз-келиндер келип, диний сабаттуулугун жогорулатып, Ыйык Куран, тажвид жана күнүмдүк турмушка керектүү алдептер бонча сабак алып кетишет. Сабакты КИУну артыкчылык менен аяктаган кыз-келиндер беришет. Аял заты диндар, илимдүү, таза болсо балдарыбыз да дал ошондой болот. Келечек жакшы болсун десек, алгач аял затына көңүл буруу керек», — деди Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов.