Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек ажы Бакай-Ата районуна караштуу мечит имамдарына жыйын өткөрдү

Талас облусунун казысы  Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басары  Касым ажы Сыдыков жана Бакай-Ата районунун баш имам хатиби  Сагынбаев Абдимажит ажы Бакай-Ата районунун мечит имамдарына жыйын өткөрдү.
Жыйында облус казысы Таалайбек ажы Бапиев имамдардын жыл ичинде аткарган иштери менен таанышып, имамдарга бир катар тапшырмаларды берди;
1) Мечиттердин ички жана тышкы тазалыгы талапка жооп берүүсү
2) Коопсуздук үчүн мечиттерде өрткө каршы өрт өчүрүүчү каражаттардын орнотулуусу
3) Мечиттерге караштуу бак-дарактарга көңүл буруу
4) Кайрымдуулук иш-чараларды уюштурууга демилгелерди көтөрүү
5) Окуу жайларда рекетизм, суицид, экстремизмдин алдын алуу жана баңги заттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштерин атайын органдар менен биргеликте өткөрүү
6) Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жума окулган мечиттерге видеокамераларды орнотуу.
Ошондой эле жыл жыйынтыгы катары имамдарды коомчулук менен бирге иштешип, терс агымдардын жалпы коомчулукка тийгизген зыяны тууралуу имамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.