Ивановка айылында «Исмаил» жаңы мечити элге пайдаланууга берилди

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында 200 орундуу, бардык шарттары менен заманбап болуп курулган мечит эл кызматына берилди. Бул тууралу Ысык-Ата районунун хатибияты маалымдаган.

Маалыматка ылайык, мечиттин ачылыш аземине Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абдумажид Юсуров, Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков, диний кызматкерлер жана жергиликтүү эл катышты. Ал эми мечиттин курулушуна учурда Бишкек шаарынын тургуну, Кең-Булуң айылынын кызы Фарида Сасазова аттуу эжебиз демөөрчүлүк кылган.

Жаңыдан ишке берилген мечиттин ачылыш аземинде облус казысы Руслан ажы Жумагулов куттукттоо сөзүн сүйлөп, буларга токтолду:

«Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште үй курат. Ал жердеги үй кандай экенине биздин кемчиликтүү акылыбыз жетпейт, биздин элеске да келбей турган үй болот. 2 күндүк жалган дүйнөдө акыретибизге кам көрүп, ушул сымал жакшылык иштерди кылып калалы. Аллах Таалам ушул мечиттен дүйнө жүзүнө салттуу Ислам динин дүйнөнүн төрт бурчуна тарата турган аалымдарды чыгарган болсун», — деди Руслан ажы Жумагулов.

Ал эми Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, мечитке имамды сунуштап, имамга мечиттин кагаз иштерин тез аранын ичинде аягына чыгаруу буйругун берди.