Кызыл-Октябрь айылынын имамынын демилгеси менен кайрымдуу инсандар муктаждарга 1 миллион сомдук жардам көрсөтүшкөн

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын имамы Марат ажы Жусупбековдун демилгеси менен жергиликтүү айыл жаштарынын арасында кайрымдуулук тобу түзүлүп, учурда алардын саны 300 адамдан ашкан. Бул кайрымдуулук кылуучулардын тобу  аркылуу 1 миллион сомдук кайрымдуулук иштери жүргүзүлгөн.

«Кызыл-Октябрь айылынын имамы демилгелеген кайрымдуу инсандар ай сайын ар түрдүү кайрымдуулук иштерин уюштуруп, жетим-жесирлерге, ден соолугунан жабыркагандарга жана муктаждарга жардам берип келишет»,-деди облустук казыяттын маалымат катчысы Максат Айтбаев.

-2019- жылы жетим жесирлерге, муктаж үй-бүлөлөргө, мектеп интернатка жана көптөгөн муктаждарга жалпысынан 10 уй кайрымдуулук жаатында берилген.

-1 жакыр үй-бүлөгө үй салып, ага 477 миң сом сарпталган. Үй ээсине жеке менчик кылып кызыл китебин тапшырып, керектүү документтери толук бүткөрүлгөн.

-Көз оорусунан жабыркап келген айыл тургунунун операциясына 25 миң сомдук жардам берилсе, белинен жабыркаган жаранга 30 миң сомдук каражат бөлүнгөн.

 «Азыркы учурда кайрымдуулук иш-чаралары уланып, кайрымдуу жарандарыбыз өз жардамдарын беришүүдө»,-деди айыл имамы  Марат ажы Жусупбеков.