Муса (а.с)дын өмүр жолу бизге туруктуулуктун жана бекем ыймандын үлгүсү

Бөлөк адамдардын аттарына караганда Алланын пайгамбары жана элчиси Мусанын аты Куранда көбүрөөк учураганы эч кимге жашыруун эмес. Алла анын эн жакшы сыпаттарын келтирүү менен  ал жөнүндө көбүрөөк айтат. Чындыгында эле, Алла Таала Өзүнүн китебинде сөз кылган бул жакшы адам,  өзүнүн жашоосунда көптөгөн сыноолорго туш болгон. Келгиле, биз дагы өмүр баяны Курандын барактарында аңгеме кылынган бул ажайыптуу киши менен таанышып чыгалы.

Бул пайгамбардын тарыхы Алланын элчиси Ибрахимден жана анын тукуму Исхак жана Якубдардан башталат. Ал эми Израил эли болсо, өзүнүн башталышын андан ак-ниет Муса чыккан, дал ушул Исхактан алат.

Болочок пайгамбар төрөлөөрдүн алдында Израил эли каардуу Фараон башкарган  Египетте жашачу. Басмырланган адамдардын абалында калган Израил эли, түгөнбөгөн кысымчылыктарды жана кордоолорду башынан өткөрүп жаткан.

Египетте,  жакында Израил элинде бир бала төрөлөт жана ал Фараонду жеңип анын бийлигин жок кылат деген сөз жүрүп жаткан. Адамдар илгери-илгери адилетсиз падыша боорукер Ибрахим пайгамбардын аялын кордойм деп, өзү кордукка учураган, деп шыбырашып сөз кылышчу.  Дагы адамдар Фараондун зулумдугун  Ибрахимдин урпагы токтотот деп да  айтышчу.

Фараон Египетте эмне сөз жүрүп жаткандыгын билчү, бирок бул сөздөргө маани берчү эмес. Ал өзүн кудаймын деп эсептөө менен, Израил элин кул абалында кармады.

Күндөрдүн биринде Фараон түшүндө жерден от чыкканын, ал от Египетке жетип  тегеректеги бардык үйлөрдү өрттөгөнүн, бир гана Израил элинин турак-жайларын каптабаганын көрдү. Бул көргөн түшүнөн чоочуп, Фараон дароо түш жоругучтарга барды. Алар Фарандун израилдиктердин арасынан төрөлгөн бир адамдан сактануу керектигин айтышты. Жана дагы эгер аны токтотпой турган болсо, ал Фараондун бийлигин жок кылат дешти

Түш жоругучтардын айткандарын угуп алып, коркконунан эс-акылын жыйнай албай калган Фараон ошол эле замат израил элинде төрөлгөн ар бир эркек баланы өлтүрүүгө буйрук чыгарды.Коркунучтуу күндөр башталды. Фараондун аскерлери туш-туш жакка тарады. Алар израилдиктердин бардык жаңы төрөлгөн балдарын издеп табышып, бечара наристелерди ырайымсыздык менен өлтүрүп жок кылып жатышты. .Фараондун бийлигимди жоготуп коём деген коркунучу чегинен ашып кетти, бирок, таң калыштуусу, ал дагы эле өзүн кудаймын деп эсептеп жатты.  Кудайдын эч нерседен коркпогондугу жана ал өзүндө бар нерсенин жок болуусунан кам санабоосу  анын башына да келген жок. Фараондун текеберлиги канчалык  ашынган жана көзсүз эле!

Болочок пайгамбар Мусанын апасынын ай-күнүнө жетип, төрөөрүнө аз калган. Ал жаңы төрөлгөн баласына жамандык кылып коюшат деп аябай коркуп жатты. Качан ал төрөгөн кезде, Алла анын көңүлүнө жыгач идиш жасап, ага жаңы төрөлгөн наристени жаткырып, аны дарыяга салып коюуну жана суу идишти агызып кетпөөсү үчүн аны жээкке жип менен байлап коюуну салды. Эгерде кимдир бирөөлөр келе турган болсо энеси Мусаны ал жыгач идишке салып, кийин кайра алып коюучу.

Бирок бир жолу жип чечилип кетип, жыгач идиш агып кетти. Мусанын энеси бул  Алланын өкүмү экендигин түшүндү, анткени ал ыймандуу аял эле жана өзүнүн Роббисине ишенчү.

Алланын өкүмү менен дарыя Мусаны түптүз Фараондун хансарайына алып келди. Наристени кызматчылар таап алышып падышанын Асия аттуу аялына алып келип беришти. Ал абдан боорукер жана такыба аял эле, ошондуктан ал баланы алып калып аны хансарайда багууну каалады. Фараон болсо, наристе баланын пайда болгонун угуп, буга кубанган жок, бирок, аялынын каалоосуна макул болду, анткени аны жакшы көрөт эле. .

Фараондун аялы дароо баланы эмизе турган аялды издей баштады. Бирок кичинекей Муса бир дагы аялдын эмчегин  эмбей койду. Ошондо ал бала эмизе турган аялдардын бардыгынын хансарайга келүүсүн жарыя кылды. Аялдар топ-топ болуп наристеге келип жатты, бирок Муса биринин да эмчегин эмбей койду.

Мусанын чыныгы энеси болсо, бул арада өзүнүн наристесинин өмүрү үчүн сар-санаага чөмүлүп жана  уулун абдан сагынып, өтө капаланып, кайгырып жатты.

Качан ага Фараондун сарайында наристе балага эмизүүчү аял керек деген кабар жеткенде, ал дароо залим падышанын хансарайына  шаша-буша жөнөдү. Качан эне бешикте жаткан бала өзүнүн уулу экендигин  жана анын сак-саламат, аман-эсен экендигин көргөндө, анын таң калуусуна жана бактылуулугуна чек жок эле.   .

Муса өзүнүн энесин сезди жана акыры энесинин сүтүн тоё эмди. Алланын мээрими менен бул такыба аял тынчтанды жана уулунун өмүрү үчүн санааркоосун токтотту.  Асия ага хансарайда калуусун сунуштады, бирок Мусанын энеси макул болгон жок, анткени анын күйөөсү жана башка да балдары бар эле. Ошондо Асия баланы энесиникинде тарбиялоону чечти жана баланын бардык муктажыдыгын камсыздай баштады.

Жылдар өттү. Муса күч-кубаттуу жигиттерден болду. Күндөрдүн биринде ал көчөдө келе жатып, бир адамдын экинчи адамды уруп жатканын көрдү. Бул экөө бир нерсени бөлүшө албай калышты жана мушташа баштады, бирок бирөөсү экинчисине караганда алда канча күчтүү эле. Ал эми начарыраагы Мусанын израилдик уруулашы болчу. Бул адам жардамга чакырып жатты, бирок эч кимиси жардамга келген жок. Муса Израил элинин кишисине жардам берүү үчүн,  мушташып жаткандарга келди. Ал Фараондун кызматчысын бир урду жана заалым кулап түштү. Израил элинен болгон адам дароо уруш болгон жерди таштап кетип калды, ал эми Муса урган адам ордунан турбай жатып калды. Муса ал адамдын өлүп калганын көрдү. Алланын болочок пайгамбары эмне кылаарын билбей калды жана шаша-буша кылмыш болгон жерден чыгып кетти.

Шаарга египеттиктин өлүмү жөнүндө кабар тез эле угулду. Адамдар өлтүргөн кишини издей башташты. Алар албетте, муну кылган Муса экенин жана анын бир адамга жардамдашууну гана каалаганын жана анын адам өлтүрүү жөнүндө ниети жок экендиги жөнүндө ойлошкон жок. Ошол маалда Фараондун кызматчысынын өлүмүнө Муса күнөөлүү экендигин, Мусанын өзүнөн жана ал жардам берген адамдан башка эч ким билбейт эле.

Муса эмне кылаарын билбей шаарда  басып жүрдү. Аны болуп өткөн окуя өтө кооптонтту. Кийинки күнү ал өзү жардам берип, болушкан кишини көрдү. Израилдик адам дагы урушту баштап алып, жардамга чакырып жатты.  Бирок, Муса бул жолу ага мындай чатактарга кириптер боло берген соң, чындыгында анын өзү күнөөлүү экендигин айтып, ордунда кала берди. Ошондой болсо да, жараштырып коюу ниетинде аларга жакындап басып барды. Израил элинен болгон адам Муса аны урган жаткан экен деп ойлоп, болочок пайгамбарды колу менен көрсөтүп, кыйкыра баштады: “Мына ушул Муса,  кечээки адамды, Фараондун кызматчысын өлтүргөн!”  Муса ал жерден качып кетүүгө аргасыз болду, бирок египеттикти ким өлтүргөндүгү жөнүндөгү кабар шаар ичине тез эле таркап кетти. Аны издешти, бирок эч жерден таба алышкан жок.

Шаардын аймагынан чыгып, Муса каякка бараарын билбей кете берди. Ал өзүнүн сапарында бир гана Аллага тобокел кылды, анткени ал мындан мурда эки жакка чыгып көргөн эмес. Сапарда ал чөп жана жалбырактан башка эч нерсе жеген жок, ал эми буттары болсо, каны чыкканча өйкөлгөн эле. Ушинтип ал Египет жерин таштады..

Күндөрдүн бир жакшынакай күнүндө Муса Мадьян деп аталган жерге келди. Ал суу чыккан жерди жана анын жанында жүргөн  кишилерди көрдү.

Булар койчулар эле. Алар өздөрүнүн койлорун суунун жанына жайышчу жана койлорун андан сугарышчу. Бир аз нараактан Муса дагы бир короо койду көрдү, бирок аны эркектер эмес, эки жаш кыздар багышат экен.

Бул эки кыздын мүнөзү жоош болчу жана алар кудукка жакындагандан чоочулап жатышты, анткени ал жерде көп эркектер  бар эле. Муса муну түшүндү да кыздарга өзүнүн жардамын сунуш кылды.  Кыздар буга макул болушту жана көп өтпөй койлор суусундарын кандырышты. Андан соң Муса бактын түбүнө олтурду да Аллага дуба кыла баштады. Ал ал күчтөн тайыган жана өтө ачка эле, ошондуктан ал мындай сөздөрдү айтты: “О, менин Роббим! Акыйкатта, мен Сен жиберген эмне жакшылыгың болсун,  бардыгына муктажмын”.

Кыздар бул сөздөрдү угушту да үйлөрүн көздөй шашып жөнөп кетишти.

Кыздардын атасы койлордун демейдегиден эртерээк келгенине өтө таң калды, бирок кыздары ага бир ыймандуу жакшы адамдын жардам бергендигин айтышты. Атасы бул адамды көрүүгө кызыгып калды да, кыздарын аны чакырып келүүгө жиберди.

Кыздар Мусаны ошол эле жерден, суунун жанынан табышты. Алар аны чакырышты жана ал алардын чакырыгын кабыл алды.

Сөз арасында боорукер карыя алдындагы адамдын ак-ниеттүү жана чынчыл экендигине көзү жетти. Кыздардын бири атасына Мусаны койчу кылып алууну сунуш кылды жана атасы бул сунушка макул болду. Муса жакшы кызматкер болду жана ушунчалык ишенимге татыды дейсиң, көп өтпөй кыздардын атасы ага кыздарынын бирин берди.

Кийинки он жылды Алланын пайгамбары Мадьянда жашап өткөрдү. Ал үй-бүлөлүү балалуу болду, бактылуу эле жана дайыма Алланын даңктоо менен алек болду. Бирок бир топ жыл өткөндөн кийин Муса Египеттеги өзүнүн жакындарын ойлоп, куса болуп, сагына баштады.

Акыры ал өзүнүн үй-бүлөсүн көрүп келүүнү чечти. Ал жол камылгасын кылып, аялы, балдары жана чакан чарбасы менен жолго чыкты.

Жол алыс эле жана бир күнү кечинде Муса жолдон адашып калды. Ал токтоп, өргүү кылды да от жагууга аракет кылып, бирок от жага албай койду. Ошол маалда ал тоодон бир  кызыктай жарыкты көрдү да, от таап келүү үмүтүндө ал жакты көздөй бет алды.

Тоого чыгып барып, Муса аны чакырып жаткан үндү укту. Ал тегерегин карап, бирок эч кимди көрө алган жок.

-О, Муса, — деген үндү укту, — акыйкатта, Мен Алламын жана Менден башка кудай жок, андай болгон соң Мага гана ибаадат кыл жана Мени эстеп турууң үчүн Мага гана дуба кыл!

Муса ага Алланын Өзү кайрылып жатканын түшүндү. Алла Таала ага таягын таштоону буюрду, Муса таштады. Ошол замат таягы жалаң көрүнүшү эле үрөйду учуруучу коркунучту пайда кыла турган   чоң жыланга айланды, Муса коркконунан артты карай секирди да качып жөнөдү, бирок Алла аны токтотту жана колун сунуп жыланды кармоого буйрук кылды. Коркунучун жеңип, Муса Алла Тааланын буйругун аткарды, ошол замат жылан таяк болуп калды. Андан соң Алла колун койнуна салууга буйрук кылды жана качан Муса аны койнунан алып чыкканда,  колу аппак жарык чачып турган.

Мунун бардыгын Алла Таала Өзүнүн пайгамбарына, ал египет жерине барып Фараонду, Аллага ыйман келтирүүгө чакырсын үчүн көрсөттү. Бул мужизаларды Ал Мусага анын пайгамбарлык вазийпасынын ачык-айкын белгиси катары тартуулады.

Ал Египеттин элине акыйкат динге болгон чакырыкты жеткирүүгө  жана Фараонду анын жалгыз жана кудуреттүү кудаймын деген түшүнүгүнөн баш тартууга чакырууга милдеттүү эле. Ошондой эле Мусага Алла Фараонго ал Израил элин Египеттен чыгарып жиберсин, деген буйругун жеткирип коюуга өкүм кылды.

Муса Алланын өкүмүнө баш ийбей коё алган жок, бирок Андан, ага бир тууганы Харунду жардамчы кылып берүүсүн өтүндү, анткени Харун Мусага караганда сөзмөрүрөөк эле. Анын үстүнө Фараондун кызматкерлери ал израилдик адамга болушуп,  атайылап эмес жасаган иши үчүн андан өч алып,  аны өлтүрүп коюшаарынан  корккон. Ырайымдуу Алла анын өтүнүчүн кабыл алды жана Харунду Мусанын жардамчысы кылуу менен ага пайгамбарлык вазийпаны тартуулады.

Акыры Муса өзүнүн шаарына келди. Ал Харунга жолугушууга ашыкты жана экөө Фараондун хансарайына карай жөнөштү. Алардын алдында оор сыноо турган, анткени, Фараон өзүнүн жеринде эбегейсиз зор бийликке ээ эле. Бирок, бир туугандар Египеттин падышасынан коркушкан жок, анткени ааламдардын Роббисинин бийлиги Фараондуку менен салыштырып болбос улуу бийлик. Алла Таала экөөнү сактап калды, анткени аларга кабар кылынган: “Биздин мужизаларыбыздын шарапаты менен силер жана силерди ээрчигендер жеңишке ээ болосуңар”. Алла Өзү убада берип жаткандан кийин алар эмнеден коркмок эле?

Муса жана Харун Фараонга барышты да маекти эн жакшы сөздөр менен башташты. Өкүмдар ырайымсыз болсо дагы, пайгамбарлар ага сый-урмат жана жумшактык менен кайрылышты.

Фараон Муса менен Харунду укту, бирок текеберлиги алардын жүйөөсүнө кулак салууга жол берген жок. Башында ал Мусаны, пайгамбар кичине наристе кезинде ушул хансарайда куткарылып калганын жана Фараондун жакшылыгы менен өсүп жетилгенин эскертип  уяткара баштады, Жана ошондой эле ал египеттик адамды өлтүрүп койгону менен күнөөлөй баштады. Муса муну четке каккан жок, болгону атайылап эмес, кокусунан өлтүрүп алганын жана ошондой эле бул иш Алла ага элдерге чакырык менен кайрылууга кылган өкүмүнөн мурда болгонун гана айтты. Азыр болсо, ал элдерди алардын эки дүйнөдө бактылуулукка жетүүлөрү үчүн оң жолго жолдоону каалаганын билдирди.

Фараон болсо текеберленүүсүн улантып, өзүн кудай деп жарыялоо менен  Муса менен Харундун жүйөөлөрүн четке кагып жатты.

Ошондо Муса ага өзүнүн мужизаларын көрсөттү. Ал таякты таштады эле, ал жыланга айланды жана колун жылаңачтады эле, ал аппак жарык чачып айлананы жаркыратты. Фараон болсо эн мыкты сыйкырчыларды топтоп, “Жасалга күнүндө”, мындайча айтканда Египетте өткөрүлүүчү майрамда, аларга  Мусанын жалганчылыгын ашкерелөөгө буйрук кылды.

Фараондун хансарайында эң мыкты сыйкырчылар чогулушту да өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтө башташты. Алар өнөрлөрүн аркандарды кичинекей жыланга айландыруудан башташты. Албетте, чындыгында аркандар жыландарга айланышкан эмес, бирок сыйкырчылар элди билгичтик менен алдагандыктан, аларга жыландардай көрүнгөн.

Буга жооп иретинде Муса өзүнүн таягын таштаганда, ал килейген зор жыланга айланып, сыйкырчылардын жыландарын жей баштады. Бул карап турган адамдарга эбегейсиз зор таасир калтыргандыктан алар бир да сөз кайтарууга алдары келбей калды. Сыйкырчылар болсо мындай укмушту өмүрү көрбөгөндүктөн, бул сыйкырчылык эмес экенин, чындыгында эле Алланын кудурети экенин түшүнүштү. Алардын ар бири Алла Таалага саждага жыгылышып, Мусанын динин кабыл алышты.

Фараон болсо, сыйкырчылардын бул кылыгына  каары келип, аларды өлүм жазасына буйрук кылды. Алар Мусаны ашкерелей албагандыгы аз келгенсип, Исламды кабыл кылышты.  Фараондун күч колдонуудан башка ылаажысы калган эмес. Адилетсиз бийлик жүргүзгөн заалымдардын бардыгы ушундай кылышат. Ошол күнү курман болгон адамдардын бардыгы тең бул жашоодон Алла жолуна  шейит болуп кетишти жана Алла Тааладан алар үчүн улуу сооптор бар.

Фараон да, анын эли да Мусанын динин кабыл кылышкан жок. Алардын бардыгы тең бой көтөрүү менен далилдерди талап кылышты, бирок качан далилдер келген убакта, акыйкаттан жүздөрүн буруп жатышты. Ал эми Муса качан падышага израилдин элин Египеттен чыгаруусун талап кылып кайрылганда, Фараондун жини келип, буга макулдугун берген жок.

Көп өтпөй, Алла Египетке жазасын жибере баштады. Фараонду жана анын элин саранча, биттер жана бакалар каптады. Фараондун жерин каатчылык жана сел басты, бирок бул алаамат эгипеттиктерге гана тийиштүү болду, ал эми Израил эли болсо мындан сакталган эле.  Египеттиктер Аллага кайрылып,, аларга кечирим берүүсүн өтүнүп жана жамандыкты токтотуусун суранып Аллага кайрыл деп Мусадан жалынып сурана башташты

Качан  бул алааматтар Египеттен кайтарылганда, адамдар пайгамбарды кайрадан шылдыңдай башташты. Анан Алла аларга кайрадан алаамат-кырсыктарды жиберип жатты. Ошентип бул көп убакытка чейин уланды.

Фараон израилдиктердин Египеттен чыгып кетүүлөрүн каалаган жок, бирок ал жана анын эли кырсыктардан ушунчалык чаарчап бүтүшкөндүктөн, залым падыша акыркы чечимин кабыл алды. Ал Израил элинин бардык эркектерин, алар менен бирге Мусаны жана Харунду дагы өлтүрүүгө буйрук берди. Хаман аттуу киши башында турган ордо адамдары Фараонго жазаны тездетүүгө кеңеш бере башташты. Бирок, алардын арасында жашыруун Мусанын динин кабыл алган бир адам бар эле. Бул шумдуктай жазанын аткарылуусунан Фараонду айнытууга аракет кылган жалгыз гана ошол адам болду. Бирок, ал канчалык аракет кылбасын, Фараондун жан-жөкөрлөрү өздөрүнүн кылмыштуу оюнан кайтпай туруп алышты.

Муса жана Харун бул жөнүндө такыба египеттиктин өзүнөн угушту. Алар түндөрдүн бир түнүндө бүткүл израил элин Египеттен алып чыгып кетишти. Алардын алдында Шамды карай улуу сапардын жүрүшү  жаткан. Өтө ылдамдык менен кетиш керек эле, анткени Муса алардын артынан Фараон пайгамбарларды өлтүрүп, элин болсо кайрадан кулчулукка салыш үчүн сөзсүз куугун жиберээрин билген.

Израил элинин качып кеткендигин уккан Фараондун жини ушунчалык келгендиктен, ал көп сандаган аскерин баштап куугунга өзү аттанды.

Бул маалда Израил эли Египет падышалыгынын чегинен шаша-буша чыгышып, чөлдө кетип бара жатышкан. Өздөрүнүн ыйманында али бекемделе элек израилдиктер куугундан коркушту жана деңизге жетип калган кезде артта жакындап келе жаткан аскердин дүбүртүн угушту. Алардын эки тарабында ашып кете алгыс бийик тоолор, ал эми алды жагында болсо шуулдап, мелмилдеп көз жеткис деңиз жаткан.

-Алар бизди сөзсүз кууп жетишет! – дешти элдер. Бирок, пайгамбардын Алла аларды таштап койбосу жөнүндө терең ишеними бар эле.

-Мага ушул жерге келүүгө буйрук берилген. Акыйкатта, Алла бизди таштабайт! – деп жооп берди Муса.

Алла Таала Мусага таягы менен деңиздин суусун бир урууга буйрук кылды жана деңиз ортосунан кургак жолду пайда кылып, эки жакка ачылды.  Бул ажайыпты көрүшкөн израилдиктер чөгүп кетебиз деп коркушпастан, деңиздин түбүндөгү пайда болгон жол менен кетишти.

Дал ушул маалда эки жакка ачылган деңиздин жээгинде Фараон өзү пайда болду. Анын көздөрү өтө катуу каардангандыктан карайлап калгандыктан, ал алдындагы пайда болгон ажайыптуу окуяга көңүл бурган да жок. Ал Израил элинин артынан кууп жетип, кайра артына кайтаруу үчүн алардын артынан түшүүгө аскерине буйрук кылды.

Аскер Фараондун буйругун аткарды, бирок акыркы израилдик адам жээкке чыгаары менен деңиз мурдагы абалына келип жабылды жана египеттин сандаган аскерин чөктүрүп жок кылды.

Фараон өзү дагы деңиздин түбүндө калды. Ал жашоосунун акыркы саамында Алладан кечирим тилеп жалынып, жалбарды. Бирок, Алла Таала Куранда бизге Фараондун бул кылган тообосу өзүнө пайда берген жок деп билдирет. Бул адамдын өлүм сааты келгенге чейин Алланын динин кабыл кылууга болгон бардык мүмкүнчүлүктөрү бар эле, бирок ал бул мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланган жок. Өлүм коркунучунан жан талашып Фараон өзүнүн ыйман келтиргендиги жөнүндө кабарлады, бирок өтө кеч болуп калган.

Алла Куранда бизге Фараондун түбөлүк жашоодо Бейишке кирбесин, бирок кийинки урпактарга  үлгү болсун үчүн анын денесин сактап койоорун билдирет.

Израилдиктер болсо сапарларын андан ары улантышты. Алар жолунан түрдүү урууларды жолуктуруп, ар кандай жерлерден өтүштү. Көптөгөн уруулар музоо кебетесиндеги буттарга сыйынып жаткандыгын көрүштү жана ыйманында бекемделе элек израилдиктер Муса пайгамбарга аларга дагы сыйынып турууга ушул элдер сыйынып жаткан буттардай нерсе жасап берүүсүн өтүнүштү. Мусанын буга абдан ачуусу келип, өтүнүчтөрүн кабыл кылган жок, анткени бул диндин негизи болгон тавхид эрежесин бузуу дегендик эле.

Израилдиктердин сапары уламышта билдирилгендей Алла аларга жетүүгө өкүм кылган жерге чейин уланды. Бул жерлерди күчтүү адамдар жердешчү, бирок Алла Таала израилдиктерге бул касиеттүү жерге кирип, анда жашаган кудайсыздарды кууп чыгууга буйрук кылды. Адамдар касиеттүү жерге кирүүдөн коркушуп, Алланын  буйругун аткаруудан баш тартышты. Бул баш ийбестиктери үчүн Алла аларды чөлдө кырк жылы адашып, каңгып жүрүүгө буйрук кылды. Бул кырк жылдык каңгуудан кийин эл тарбияланып чыгыш керек эле. Бирок, бул жолу дагы Алланын мээрими аларды таштаган жок. Алла аларга ырыскыны түптүз эле асмандан жаадырып берди. Элге асмандан алардын муктаждыктарына жараша азык болуп, буламык жана куштун эти түшүп турду. Акыйкатта, Алла аларга мээримдүү эле.

Күндөрдүн биринде алар тоонун түбүнө токтошту жана Муса элин кырк күнгө  таштап кетти. Бул убакыттын ичинде ал өзүнүн Роббиси менен сүйлөшүп, Израил элине көптөгөн жылдарга мыйзамдар  жазылган таш жазууларды алышы керек эле.

Муса пайгамбар тоого чыкты да ааламдардын Роббисинин өзүнө көрүнүүсүн өтүндү. Албетте, Муса Алланын улуулугунан шек кылган эмес, бирок ал Кудайды мындан дагы жакшы тааныгысы келген, ошондуктан ал Аны өз көзү менен көрүүнү каалады. Алла Таала пайгамбарга жердегилердин эч кимиси Аны көрө албасын айтты. Биз Алланы Анын Касиеттүү Китебиндеги Өзү жөнүндө айткандары боюнча гана билебиз. Ошол маалда Алла Өзүнүн нурун тоого тийгизди. Бул жаркырак тоолордун биринин бетинде күйгүзгөндөй из калтырды. Мусаны Алланын улуулук нурунун көрүнүшү эле эбегейсиз таң калтырды.

Алладан жазууларды алып, Муса кырк күндөн соң өзүнүн элине кайтып келди. Израилдиктер болсо, ал жок мезгилдин ичинде айбандын добушундай үн чыгара ала турган музоо кебетесиндеги алтын айкелден бут жасап алышып, ага сыйына башташкан экен. Мусанын бир тууганы Харун пайгамбар элди бул акмакчылыктан токтотууга аракет кылган экен, бирок алар айткандарынан кайтышпай, көп убакыт өтпөй, ыймансыз болуп кетишиптир. Музоону көрүп Мусанын ачуусу келип бир тууганын жакасынан алды, бирок, Харун ага элге эч нерсе кыла албай койгонун айтты, анткени, аны өлтүрүп коюшмак.

Муса бутту талкалап салды жана элин тавхидге – Алланын жалгыздыгына кайтарды. Ыймансыз болуп кеткендер болсо тообо кылышты жана Алла аларды кечирди. Ал эми тообо кылбагандар болсо, бул жана тигил дүйнөдө Алланын каарына калышты.

Муса Израил элине Алланын Китеби – Тооратты берди жана такыбалар ал китепти үйрөнүшүп жана ага ылайык жашай башташты.

Бул тарых бизге Алланын рахмат-мээрими бардык адамдарды кучагына алаарын үйрөтөт. Алла Таала бизди туура жолго багыттайт, бирок адам туура жол менен жүрүүнү же болбосо кудайсыздыктын караңгылыгына түшүп кетишти өзү тандап алат.

Мусанын өзү болсо бизге туруктуулуктун жана бекем ыймандын үлгүсү болуп калды. Өзүнүн өмүрү үчүн кооптонбостон Фараондун өзүнө барып, аны акыйкат жолго чакыруу үчүн канчалык кайрат, канчалык күч талап кылынаары  бир гана Аллага маалым. Кандай гана жакшынакай бул пайгамбар жана бүгүнкү күндө анын көрсөткөн үлгүсү бизге канчалык пайдалуу!

Биз болсо, кымбаттуу окурмандар, өзүбүздүн жашообузга көз чаптырып, ар бир тынымда Алла Тааладан канчалык жакшылыктарды алып жаткандыгыбызга ой жүгүртөлү. Келгиле, туулган күнүбүздөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин Ал бизге тартуулап жаткан бардык нерселер үчүн Роббибизге шүгүр кылып, чексиз алкыш-мактоолорду айталы!

 

Булак: «Пайгамбарлар кысасы» китебинен.