Бош убактысында китеп жазуу менен алектенген Нурудин ажы Асомудиновдун өмүр баяны

Асомудинов Нурудин 1957-жылы 11-майда Тажикстан Республикасынын Айыт районуна караштуу Кара Шаар айылында, карапайым кыргыз үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген.
Кыргызстандын туңгуч муфтийи молдо Абдусатар ажы менин бир айылда жашагандыктан, орто мектепте окуп жүргөн учурунда кошумча дин илимин Абдусатар ажыдан алып жүргөн.
Орто мектепти аяктагандан соң Исфара шаарына барып, Абдусалим ажыдан диний окуусун уланткан.
1980-жылдан баштап устаз Абдусалимден диний илимин алып, ошол эле учурда сабак бере баштаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1982-жылга чейин сарф, нахив, кофия, шархи жоми, мишкатуль масобих, талхис, усулу фикх, араб адабияты, ислам тарыхы жана Куран тафсирин өздөштүргөн соң устазынын батасын алып, айылына келип өзү алдынча сабак бере баштаган.
1992-жылы Талас шаарына келип ,»Али Ибн Абдул Муталиб» атындагы медресе ачып, ошол медреседе мүдүрлүк милдетин аткарган.
1993-жылы Кыргызстан Диний Башкармалыгында Уламалар кеңешинин мүчөсү болгон.
1995-жылы Талас облусунун казысынын орун басарлык милдетин аткарган.
2001-2006-жылдар аралыгында Кыргызстан Ислам Университетинде мугалим болуп эмгектенген.
2005-жылы экинчи ирет Уламалар кеңешинин мүчөсү болуп дайындалган.
2006-жылы Кыргызстан Ислам Университетинде проректор болуп эмгектенген .
2017-жылы үчүнчү ирет
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 6 чакырылышынын мүчөсү болуп шайланган.
Азыркы учурда «Ханафи» атындагы дин уюмунун төрагасы, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү жана Ислам Университетинин мугалими болуп эмгектенип келе жатат .
Бош убактыларында китеп жазуу менен алектенет.

ЭМГЕКТЕРИ 
«Мухтасар » 1 -2 тому , «Шариат жана тарикаттардан терилген берметтер » 1 — 2 том.
Учурда келечек муундарга Ислам баалуулуктарын жана мурастарын жеткирүү максатында китеп жазуу менен алектенип келе жатат.

Үй -бүлөлүү , алты баланын атасы.