Мекке шаарында умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчылар бир катар ыйык жайлардын тарыхы менен жеринде таанышууда

Мекке  шаарында умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчылар Савр, Нур, Арафат тоосуна жана Мина, Муздалифа өрөөндөрүнө зыярат кылышып, ыйык жайлардын тарыхы менен жеринде таанышып келишти. Бул туурасында ажы башчылык милдетти аткарып жүргөн Бакытбек ажы Түнгатаров билдирди.

«Умра ибадатын аткарып жатышкан мекендештерибиз ыйык Мекке шаарындагы тарыхта орду чон жайларды зыярат кылышып, жеринде көрүп келишти. Учурда Ош облусу жана Жалал-Абад облусунан келишкен зыяратчыларыбыздын ден соолуктары жакшы»,-деди ажы башчы.