Мындан ары Талас облусундагы дин кызматкерлери нике каттоо журналы боюнча квартал сайын отчёт берип турушат

Кечээ, 5-январь күнү Талас облустук мусулмандар казыятынын кварталдык жыйынды Талас районунун Бешташ айылындагы «Ахмад Абдулла Мехна Наеми»  мечитинде өтүп, ага облус казысы Таалайбек ажы Бапиев, облус казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жана казыяттын иш башкармалыгынын башчысы Медер ажы Сагынбаев катышты.

Жыйында облус казысы имамдардын ишмердүүлүгү менен таанышып, берилген тапшырмаларды өз учурунда аткарууну милдеттендирди. Муну менен катар облус казысы имамдарды коомчулук менен тыгыз иштешип, эл арасында ысырапкерчилик, радикализм, экстремизм жана терс  диний агымдардын коомчулукка тийгизген таасири  туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү керектигин баса белгиледи.

«Жыйында облус казысы нике кыйган имамдарды нике каттоо журналына каттоону милдеттендирип, үйлөнүп жаткан жубайлардын паспортун талап кылып, 18 жашка толгондорго гана нике кыюу керектигин жана  нике каттоо журналдын негизинде квартал сайын отчёт берилип туруусун эскертти»,-деди казыяттын маалымат катчысы Максат Айтбаев.

Эскерте кетсек, кварталдык жыйынга райондун баш имам хатиби Канатбек Жолдошбек уулу жана жалпы имамдар катышты.