Үсөн ажы Жороев: Элибиздин бакубат жашоосуна, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө тынчтык керек

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын имам хатиби Үсөн ажы Жороев Талас районунун Үч-Эмчек айылынын борбордук мечитинде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, «Ысырапкерчиликке жол бербөө жана ынтымакты бекемдөө» темасында баяндама жасады.

Бакай-Ата айылынын имам хатиби жергиликтүү жашоочуларды ынымактуу болууга жана берешендүүлүккө чакырып, ошол эле учурда ысырапкерчиликке жол бербөө керектигин билдирди.

 «Коомубузда ынтымак, биримдик боло турган болсо, жерибизде тынчтык жана бейпилчилик орнойт. Элибиздин бакубат жашоосуна, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө тынчтык керек»-деди Үсөн ажы Жороев.