Таласта имамдын демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курулууда

Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын имам хатиби Кулмамбет Маткеримовдун демилгеси менен Кара-Суу айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген эки баланын атасы Станбеков Мирланга айыл жаштары үй курушууда.

«Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зыян тийгизбейт, аны жардамсыз калтырбайт. Ким тууганынын муктаждыгын чечсе Алла Таала анын кажетин чечет. Ким бир мусулманды көйгөйдөн чыгарса Алла Таала аны Кыяматтын көйгөйүнөн куткарат. Андыктан айыл жаштары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Мирлан Станбековго үй куруп беришүүдө»,-деди Кара-Буура районунун баш имам хатиби Майрамбек ажы Казакбаев.