Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын 44чү жыйынына катышууда

Бүгүн, 7-январда Мекке шаарында бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын 44чү жыйыны башталды. Сауд Аравия Падышачылыгынын Азирети Муфтийи Абдель Азиз ибн Абдал ибн Мохаммед аль-Шейх, бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын башкы секретары Мухаммад  бин Абделькерим  Аль-Иса, тынчтык үчүн мусулман коомун дүйнөгө жайылтуу кеӊешинин өкүлү шейх Аллам  Абдулла Бин Бий, Египет фонддорунун министри доктор Ахмед эль-Абади, Египет мамлекетинин Муфтийи шейх Шавки Алламдын катышуусунда өтүп жаткан жыйынга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана 82 мамлекеттен окумуштуулар, диний мекемелердин жетекчилери катышууда.

Илимпоздор, ойчулдардын катышуусунда өтүп жаткан жыйында кызматташтык уюмдары менен биргеликте байланыштарды күчөтүү, дүйнөдө тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылуу максатында биргелешкен демилгелерди көтөрүү жана колдоо көрсөтүү, экстремизм, терроризмдин алдын алуу сыяктуу бир катар маселелер каралууда.