Балыкчы шаарында өткөн көчмө жыйында имамдардын ишмердүүлүгү текшерилди

SONY DSC

Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков кезектеги көчмө жыйынды Балыкчы шаардык хатибиятында өткөрүп, ага райондун жана шаардын баш имм хатибдери катышышты. Көчмө жыйын алкагында хатибияттардын ишмердүүлүгү, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарбынан берилген буйруктардын аткарылышы, казыяттын тапшырмаларынын өз учурунда бүткөрүлүшү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон кызматташуу жана  иш кагаздардын туура жүргүзүлүүсү жаатындагы отчеттору каралды. Муну менен катар көчмө жыйын алкагында облус казысы имамдардын билим деңгээлин көтөрүү, берилген тапшырмаларды өз учурунда аткаруу жана коомчулук менен болгон кызматташууну жакшыртуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү милдеттендирди.

Жыйындын акырында облус казысы жана райондун баш имам хатибдери Балыкчы шаарынан 13 чакырым алыстыкта жайгашкан Орто-Токой суу сактагычынын аймагындагы жашоочуларды зыярат кылышып, алардын жашоо-турмушунан кабар алышты.