Ысык-Көл облусундагы имамдарга “Хадистердин негизинде Ислам” аттуу китеп таратылды

Ош мамлекеттик университетинин теология факультети тарабынан даярлган “Хадистердин негизинде Ислам” аттуу китеп Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятына белекке берилди. Иш чарага облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков катышып, китеп дайыма окулушу керек экендигин жана имамдар колдонмо курал катары пайдаланса боло тургундыгын айтып, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирди.