Нарын казыятынын аялдар бөлүмү Куран курсунун алгачкы 14 бүтүрүүчүсүнө сертификат тапшырды

Нарын облустук казыятынын аялдар бөлүмү өздөрүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшырды. Иш-чарага Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев катышып, Куран жаттаган жана жалпы эле Нарын казыятынын сабактарына катышкан эже-карындаштарга лекция окуду. Андан соң аялдар бөлүмүндө өтүп жаткан Куран курсуна катышып, окуганды үйрөнүп, сүрөө жаттаган 14 аялга сертификат тапшырып, белектерди ыйгарды.

Алар 44 саат Куран, 24 саат тажвид, 18 саат фикх , 18 саат акыйда, жалпы 104 саат сабак алышкан. Алардын арасында 60-70 жаш курагына келген апалар да бар. Айрымдары арабча тамганы окуганды курска келип үйрөнүп башташкан. Алардын арасынан 71 жашка чыккан Дүйшөгүл апа Сыдыкбекова  Куранды тамгадан баштап окуп, 2 ай аралыгында 10 сүрөө жаттаган. Назира Молдобаева 25 сүрөө менен бирге Ясин, Наба сүрөөлөрүн кошо жаттап, курска катышкандардын алдыңкысы болду.

Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажыИбраев: «Куран окуу аял-эркек дебей, баарыбызга милдет. Айрыкча үйдө бала тарбиялаган энелерге Куран окуу, аны түшүнүп, жашоодо пайдалануу баланын жаштайынан баштап жакшы өсүүсүнө таасири тиет», — деди ал.

Эске салсак, Нарын казыятынын алдындагы аялдар бөлүмү аялдар үчүн Куран курсу өткөн жылдын ноябрь айынан тарта иш алып барып келүүдө.