Кадамжайда айыл имамынын демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылынын «Молдо Мурзакан» мечитинин жамааты мечит имамы Айбек Кузибековдун демилгеси менен айылдагы жардамга муктаж 3 үй-бүлөгө 5 кап көмүр таратылды. Мындан тышкары Майдан айылынын 25 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген тургунуна майыптар үчүн ыңгайлашкан коляска алып  беришти.

«Молдо Мурзакан» мечитинин кызматкери Абдурамид Касымовдун  айтымында, көмүргө сарпталган 3900 сом акча мечиттеги садаканын эсебинен берилди. Ал эми коляска имамдын  жеке өзүнүн каражатына сатып алынды.

Жүздөрүнө кубаныч тартуулаган кайрымдуулук иш чарасынын уюштуруучуларына жардамга муктаж жарандар ыраазычылыктарын билдирип, баталарын беришти