«Мусулман адам бир ишке киришкен болсо, майын чыгарып аткаруусу керек»,-Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов

Ош шаарынын Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мечиттердин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов “Фатху Рахман”, “Ашраф Али” жана “Абдилазиз” мечиттерине зыярат кылды.

Текшерүү учурунда баш имам хатиб ар бир мечит кызматкерлери менен тыгыз иштешүү үчүн ар дайым келип, кабар алып тураарын баса белгиледи.

“Жаштардын таалим-тарбиясы начарлап бараткан болсо, анда алардын ата-энеси кайдыгер мамиле жасагандыгы анык. Ар бир мечит кызматкери өз ишин чын жүрөктөн сүйүп так аткарса, акырет күнү жүзү жарык болот. Анткени мусулман адам бир ишке киришкен болсо, майын чыгарып аткаруусу керек”,- деп баса белгилеп өттү Абдилазиз ажы Абдурахманов.