Муфтият ажылык сапарына баруучулардын формасын тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт (ТАЛАПТАР)

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Бащкармалыгы ажыга баруучулардын кемселин (жилет) тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт.

2020-жылдагы  ажылык сапарында ажылыр кийүүчү жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөр үчүн  коюлган

 ТАЛАПТАР

  1. Убактылуу Республикалык Штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арызы.
  2. Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынан (документтеринен) көчүрмөлөр.
  3. Лицензия (патенттин) көчүрмөсү.
  4. Салык жана соцфондко атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ.
  5. Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары.
  6. Реквизиттер.
  7. Ажылык сапарында ажылыр кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) эркектер жана аялдар үчүн үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
  8. УРШнын мүчөлөрүнө (эркектер жана аялдар үчүн) кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).

Конкурска катышуу үчүн билдирүүлөр 2019-жылдын 27-декабрынан 2020-жылдын 27-январына  чейин кабыл алынат.

Эскертүү: Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип тапшырылган билдирүүлөр комиссия тарабынан каралбайт.

 Конкурс тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына кайрылса болот.

Конкурс өтө турган күн:

2020-жылдын 30-январы, саат 09:00

Жайы:

Муфтияттын жыйындар залы.

Документтерди кабыл алуу:

2019-жылдын 27-декабрынан 2020-жылдын 27-январы,  саат 17:00гө чейин.

Жыйынтыкты жарыялоо күнү:       

2020-жылдын 31-январы.

 Эскертүү: Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт жана кийим тигүүчүлөрдүн ортосунда өтүүчү конкурска катышуучу талапкерлер сөзсүз түрдө кемселдин (жилет) үлгүсүн Муфтияттан сурап билүүлөрү зарыл.

Тел:0705811523      

Тел/факс: 0312 48 61 67    

э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru