Манас районунун баш имам хатиби райондук акимдин биринчи орун басары менен жолугушту

Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Манас районунун акиминин биринчи орун басары Замирбек Курманалиевдин кабыл алуусунда болду. Анда тараптар 2020-жылдын биринчи кварталында өткөрүлүүчү хатибиятка тиешелүү иш-чараларды талкууга алышты.

Анда ушул кварталда бардык мечиттерге өрт коопсуздугун алдын алууда эскертүүчү белгилерди илүү боюнча айыл өкмөт башчыларына көмөк сурап кайрылды.

Ал эми акимдин орун басары бул ишти иш жүзүнө ашырууга убадасын берди. Ошондой эле мындар ары дагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары айтылып, элдин биримдигин, ынтымагын чыңдоодо биргеликте иш-чараларды жүргүзүү керектиги баса белгиленди.