Талас облусунун имамдары диний билимдерин жогорулатууда

Ушул тапта Бишкек шаарында Талас облусунун имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан окуу курстары уюштурулду.

Окуу курсуна Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата, Талас жана Манас райондорунан 70 имам катышууда. Иш-чаранын негизги максаты имамдардын диний жана маданий билим сабатын көтөрүүгө багытталган. Анда имамдар 6 күндүк мөөнөт ичинде мамлекет жана дин, имам этикасы, конфессиялар аралык диалог, Исламдагы укуктук жана адам баалуулуктары, мыйзам жана дин жана башка боюнча сабактар өтүлмөкчү.

Дин кызматкерлерине Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан дайындалган дин аалымдары, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү ж.б. лекторлор келип сабак беришүүдө.

Айта кетсек, окуу курсу эртең, 11- январда жыйынтыкталат. Окуу курсун аяктаган имамдарга сертификаттар тапшырылмакчы.