Умра сапарына кеткен зыяратчылардын экинчи тобу Медина шаарына жетип, алгачкы ибадаттарын башташты

Кечээ, 9-январда “Манас” Эл аралык аэропортунан Бишкек-Дубай-Медина багыты боюнча умра сапарына учуп кеткен зыяратчылардын экинчи тобу Медина шаарына жетип, алгачкы ибадаттарын башташты.
Умра сапарына келген зыяратчыларга бардык шарттар каралып, аларга заманбап автобустар кызмат көрсөтүшүүдө.

«Умра ибадатын аткаруу үчүн Сауд Аравия Падышачылыгына кеткен зыяратчыларыбыздын экинчи тобу Медина шаарындагы «Андалус» мейманканасына жайгашты. Бул жолу 40 зыяратчы кетип, аларды 4 умра башчысы коштоп жүрөт»,-деди КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев. 

Эскерте кетсек, КМДБ умра ибадатына баруучуларды 2019-жылдын ноябрь айынын аяк ченинде каттай баштаган. Умрага баруучу жарандар облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышса болот.
Толук маалымат үчүн байланыш телефон номерлери: (0312) 486167, 0558/778/708-48-61-67.