2019-жылдын 27-декабрында умра ибадатын аткаруу үчүн жөнөп кеткен зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн, 11-январда мекенибизге кайтышты

2019-жылдын 27-декабрында “Манас” Эл аралык аэропортунан умра ибадатын аткаруу үчүн Сауд Аравия Падышачылыгына жөнөп кеткен зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн, 11-январда мекенибизге карай сапар тартышты.

«Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган умра сапары жогорку деңгээлде өтүп, зыяратчыларыбыз абдан ыраазы болушууда. Зыяратчыларыбыз 15 күн Сауд Аравия Падышачылыгынын ыйык Мекке жана Медина шаарларында кичи ажылык амалдарын аткарышты. Алар үчүн атайын сабактар дагы уюштурулду.  Учурда Медина шаарында Муфтият тарабынан жөнөтүлгөн зыяратчылардын экинчи тобу умра ибадатын аткарууда»,-деди КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдыдаев.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 27-декабрында кичи ажылык амалдарын аткаруу үчүн Ош жана Жалал-Абад облусунан 28 жаран Бишкек шаарынан Медина шаарына учуп кетишкен. Аларга Жалал-Абад облусунун казысынын орун басары Бакытбек ажы Түнгатаров умра башчылык милдетин аткарды.

Кошумчалай кетсек, КМДБ умра ибадатына баруучуларды ушул жылдын ноябрь айынын аяк ченинде каттай баштаган. Умрага баруучу жарандар облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышса болот.

Толук маалымат үчүн байланыш телефон номерлери: (0312) 486167, 0558/778/708-48-61-67.