Жоробай ажы Шергазыев: Ынтымактуу үй-бүлө жана ыймандуу жаштар өлкөбүздүн эртеңки келечеги

Кечээ, 11-январда Кыргызстан Ислам университети «Жаш Демилге» коомдук бирикмеси менен биргеликте «Жан дүйнө азыгы» долбоорунун алкагында «Ыйман — жан дүйнө азыгы» аталышындагы семинар өткөрүшү.

Семинардын спикери Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев тарабынан инсандын жан дүйнөсү жана үй-бүлө, ата-эне менен бала, таалим-тарбия жана билим алуунун артыкчылыгы темаларында баяндама жасалды.

 «Албетте, мындай долбоорлорду колдоп, колдон келишинче үй-бүлөнүн бекем болушуна, балдардын ыйманы, тарбиясына маани берүү керектигин, жаштарды билимге кызыктырып, өзгөчө китеп окууга чакыруу жаатындагы иштерди алып барышыбыз учурдун талабы жана ар бирибиздин милдетибиз. Ынтымактуу үй-бүлө жана ыймандуу жаштар өлкөбүздүн эртеңки келечеги»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары.

Семинардын алкагында суроо-жооп,  кызыктуу маектер уюштурулуп, жан дүйнөнү азыктандыра турган пайдалуу кеңештер айтылды.