Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын дин кызматкерлерине 2 күндүк окуу семинары уюштурулуп, атайын сертификаттар тапшырылды

Кечээ, 12-январда Бишкек шаарындагы «Ала Тоо» өнүктүрүү борборунда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы  тарабынан уюштурулган имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу семинарын ийгиликтүү аяктап, Чүй облусунун жана  Бишкек шаарынын дин кызматкерлери атайын сертификаттарга ээ болушту.

Дин кызматкерлерине уюштурулган 2 күндүк семинар  алардын квалификациясын жогорулатуу максатында өтүп, анда Куран, фыкх, акыйда жана мазхабка байланышкан темалар камтылган.

«Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы дайыма өзүнүн түзүмүндөгү дин кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуунун үстүндө иш алып барып келет. Бул Дин Башкармалыктын приоритеттүү багыттарынын бири»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев.