Талас облустук казыятынын райондук баш имам хатибдеринин жыйыны болду

Талас райондук хатибиятында областагы бардык баш имам хатибдердин кезектеги семинары болуп өттү. Жолугушуу учурунда баш имам хатибтер Майрамбек ажы  Казакбаев, Миржалал ажы Дадабаев, Абдумажид ажы Сагынбаев, Алтынбек ажы Бешкемпиров Талас районундагы 3 мечитти кыдырып, баш имам хатиб Канат ажы Жолдошбек уулу жашаган жердеги Сүйүнт ата мечитинде семинарды улантышты.

Алар 2020- жылда райондук хатибияттардын иш пландарын талкууга алышып, үстүбүздөгү жылы кандай багытта иш аракеттерди жүргүзүү керектиги боюнча ойлорун ортого салышты.

Ошондой эле Талас райондук хатибиятынын 2019 — жылы өткөргөн иш-чаралары боюнча маалымат алып, баш имам хатиб Жолдошбек уулу Канат ажынын ишине баа беришип, ыраазычылыктарын билдиришти.

Мындай семинар бир жылда 2 жолу уюштурулуп, анда баш имам хатибдер хатибияттын иш кагаздары менен таанышып, тажрыйба алмашуу жана келерки иш пландарды талкуулап, бири- бирине жардам берүү болуп эсептелет.