Токмок шаарындагы «Нур Ислам» мечитинин жамааты Искра айылындагы майыптар үйүнө ысык тамак уюштурушту

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы «Нур Ислам» мечитинин жамааты, Искра айылында жайгашкан майыптар үйүнө ысык тамак уюштурушту. Бул тууралуу Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов билдирди.

Анын айтымында, «Нур Ислам» мечитинин жамааты биргелешип, 40 кг күрүч басып, майыптар үйүндө даарыланып жаткан жарадарга ысык тамак менен бирге, атайын чакан белектери да тапшырышкан.

«Садака – балээни кайтарат. Колубуздан келишинче көмөк көрсөтүү ар бирибиздин милдетибиз. Майыптар үйүндө дарыланып жаткан жарандарыбыздан кабар алып, алардын көңүлүн ачкан ага-инилерибизден Аллах ыраазы болсун», — деди Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов.

Эске сала кетсек, Токмок хатибияты Токмок шаарындагы жана Чүй районундагы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ар дайым жардам берип, хатибияттын атайын иш планынын негизинде маал-маалы менен кабар алып турушат.