Ош шаарында ысырапкорчулукка каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кечээ, 12-январда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарынын “Амир-Темир” муниципалдык аймактык  башкармалыгынын тургундары менен жолугуп, той-топурлардагы, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ашыкча ысырапкорчулук каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Алгач казы шаардагы имамдарга ысырапкерчилик менен күрөшүү боюнча жыйын өткөрүп, анда дин кызматкерлерине элди тойдогу ашыкчы чыгымдарды кыскартып, анын ордуна элдин социалдык маселелерин чечүү боюнча баяндарды айтуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талабын койду. Мындай баяндар бир күн менен гана чектелип калбасатан дайыма айтылып турмакчы.

“Эртеден кечке иштеп, өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчанын кадырын билбеген адамды эмне деп аташ керек? Урматтуу мусулман бир туугандар өзүбүздү өзүбүз кыйнап жатабыз. Эл көрсүндөн алыс болуп, ага кеткен каражаттарды пайдалуу жана сооптуу амалдарга сарптасак элге дагы, жерге дагы пайда болот беле”,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.