Ысык-Атадагы Дружба айылында Куран сабагы боюнча сынак уюштурулду

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл аймагына караган Дружда айылынын «Нур Ислам» мечитинде 190 балага Ыйык Куран сабагынан сынак өткөрүлдү. Бул тууралу Ысык-Ата хатибиятынан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, балдарды үч топко бөлүп, 1-топ китепти карап окугандар арасында, 2-топ Куран Каримден бир пара жаттагандар ортосунда жана 3-топ 1 парадан ашык жаттагандар ортосунда сынак уюштурулган.

Сынактан алдыңкы орунду алгандарга жана жалпы эле катышуучуларга демөөрчүлөр жана ата-энелер атынан сыйлуу белектер берилип, кийин дагы ушул сымал саамалыктар болоорун уюштуруучулар маалымдашты.

«Жаш кезинен Куран жаттагандардын пазилеттери хадистерде өтө көп айтылган. Куран жаттоочу эле эмес, анын ата-энеси да Аллах астында урмат-сыйга ээ болот. Ушул сымал сынактар район боюнча сабак алган балдардын ортосунда бардык жерлерде өткөрүлмөкчү», — деди Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков.