Баткен районундагы  «Абу Бакр Сыддык» мечитинин имам Джума  Худжаев  ардак грамота менен сыйланды

Баткен облусунун Баткен районунун имамдарына өткөрүлгөн жыйында Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов  «Абу Бакр Сыддык» мечитинин имам хатиби  Джума  Худжаевди «Ардак грамота» менен сыйлады.

Мындай сыйлык 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын жыйынтыгы менен мыкты имам катары көрсөткөн кызматы үчүн тапшырылды.

Джума  Худжаев 1963-жылы туулган. Баткен шаарынын тургуну 2017-жылдан бери дин кызматын аркалап келет. Ошондой эле билимин жогорулатуу үчүн Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана Баткен Казыяты уюштурган  окуу курстарына  катышкан.