Таласта медреселерге азык-түлүк тапшырылды

Кечээ, 13- январда Талас облусунун Талас районунун Кырк-Казык айылынын «Исабек Уулу Корчубек»атындагы мечиттин имамы Кулумбетов Бактураттын демилгеси менен аталган айылдын жамааты Талас шаарындагы «Имам Аъзам» медресеси, «Чет тилдер кыздар» медресеси жана «Али Ибн Абу талиб»медреселерине кайрымдуулук иретинде азык-түлүк тапшырышты.

Кайрымдуулук жардамында күнүмдүк турмушка керектелүүчү тамак-аш азыктары, кир жуучу каражаттары бар.