Ош шаарындагы “Ашраф Али” мечитинин жамааты Куран  жарышын өткөрдү

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Ашраф Али” мечитинин жамааты Куран жарышын өткөрдү. Куран жарыш хыфз жана тажвид эрежесин кароо менен эске алынып, бааланды.

Жүргүзүлгөн окутуу иштеринин натыйжасында “Ашраф Али” мечитинде 30 адам 1 пара жаттаган болсо, ал эми 8 адам жарым пара жаттап бүтүрдү.

Айта кетсек, мындан бир ай мурун Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев имамдардын жыйынында ар бир мечитте Куран окутууну жандантуу тапшырмасын берген эле.