Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев шарият сабактарын өтүүдө Куран алиппесин уюштурмакчы

Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев “Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.” атындагы борбордук мечитинде, жергиликтүү жамаат менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты Имам Аъзам Абу Ханифанын (р.х) өмүр жолу, мазхаб кармануунун зарылдыгы, акыйда маселеси туурасында кенен түшүнүк берүү.

Мындан сырткары диний терс агымдар, экстремизм, терроризм, кылмыштуулук, зордук- зомбулук жана башка орчундуу маселелер каралды.  Жыйындын жүрүшүндө Абдыразак ажы, жаш өспүрүмдөргө таалим-тарбия сабактарын жана Куран алиппесин уюштуруу сунушун айтып, Исламдын баалуулуктары жөнүндө баяндамасын жасады.