Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Чоң-Өрүктү айылынын жашоочулары менен жолугушту

Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Өрүктү айылынын мечитинде, райондук баш имам хатиб Максат Сейталиев “Айыл ынтымагы” аталышта иш-чара уюштуруп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты айыл тургундарына ыймандуулук, адеп-ахлак туурасында маалымат берип, диний терс агымдардын жалпы коомчулукка тийгизген терс таасири жана азгырыктуу иш-аракеттери боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүү.

Айыл аксакалдары, айыл жаштары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан бул жолугушууда жалпы тургундарды ынтымакка, биримдикке, тазалыкка чакырды. Мындан сырткары район боюнча даават мээнетинин тартиби жана талаптары дагы каралды.