Ажылык-2020: Жалал-Абадда ажыга баруучу жарандардын документтери текшерилди

Кечээ, 13-январда Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган кызмактерлер 2020-жылында ажылык амалдарын аткарууга катталган жарандардын документ иштерин текшерүүгө алышты.

Текшерүү процессинин курамында КМДБнын юристи Нурбек ажы Исманов жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Шүкүр ажы Шерматов дагы бар. Алар болочок ажыларды тейлеген операторлордун иши менен жеринен таанышты.

Текшерүүнүн соңунда комиссия мүчөлөрү операторлордун ишине “жакшы” деген баасын беришип, кагаз иштерине кылдаттык менен мамиле кылууга чакырышты.

Эскерте кетсек, бул жылы ажылык амалдарын аткарууга Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 6110 квота бөлгөн.