“Ат-Тирмизи” мечитинин имам хатиби Исмаилов Хурматулла ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

Кечээ, 13-январда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан “Ат-Тирмизи” мечитине зыярат кылып, эл менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында мечитти оңдоп-түзөө жана жамааттын Куран окуудагы кыраатын оңдоо иштеринде көрсөткөн кызматы үчүн имам хатиб Хурматулла ажы Исмаилов казыяттын ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.

Айта кетсек, “Ат-Тирмизи” мечитинин ички көрүнүшү Хурматуула ажы Исмаиловдун имамдык учурунда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ал жерде эки жолудан Куран боюнча сабактар өтүлүп келет.